Turmush — Ош технологиялык университетине Өзбекстан Республикасынын Андижан машина куруу институтунун студенттери жана окутуучулары келишти.
Өзбекстандан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, студенттер менен достук багытында пикир алмашышты. Сабактарга катышып, өздөрүндөгү окутуу менен университеттеги окутуу тууралуу маалыматтарды айтып, жылуу пикирлерин билдиришти.
ОшТУнун жаштар комитетинин төрагасы Н.Мамасалиевдин жетекчилиги менен келген коноктор шаар кыдырып, байыркы Өзгөн шаарындагы архитектуралык эстеликтер менен тааныштырылды.
ОшТУ бир топ жылдардан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча дүйнөнүн бир канча мамлекеттери менен кызматташып келет. Бул программанын алкагында мындан ары дагы Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу уланат.