Turmush — Ош технологиялык университетинде конок лекция уюштурулду.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, Сагитов Абай Оразович — Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, б.и.д., профессор окуу жайга жумушчу сапары менен келди. ал студенттер үчүн «Современные инновационные агротехнологии в сельском хозяйствии» деп аталган темада лекция өттү.
Студенттер үчүн бул лекция өздөрүнүн багыты боюнча абдан кызыктуу уланып, негизги маселелери талкууланды. Лекция угуучулар тарабынан бул тармакка тиешелүү болгон актуалдуу суроолор берилип, жалпы эле айыл-чарбасындагы жаңы технологиялар боюнча боюнча көптөгөн маалыматтар айтылды.