Turmush — Бүгүн, 18-майда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин күнүн белгилөө менен окуу жайдын окутуучуларын жана кызматкерлерин сыйлоо аземи уюштурулду.
Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулар курамы, жалпы кызматкерлери катышып, аны окуу иштер боюнча проректор Каныбек Раимбеков ачып берди. Проректор өз сөзүндө окуу жайды өнүктүрүүгө багытталган пландарды, окутуучулардын жетишкендиктерин жана аларга болгон жаңы талаптарды айтып өттү.
Аны улай жыл ичинде окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, студенттерге билим берүүдө жигердүү эмгектенген окутуучулар жана өз ишин мыкты аткарган кызматкерлер ОшМПУнун, Ош шаардык мэриясынын ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Муну менен катар республикалык, эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан, илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштууларга да өзгөчө сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлоо аземинен соң музыкалык-педагогикалык факультетинин таланттары чакан концерттик программасын тартуулашты.