Turmush — Дарылык касиетке ээ ар түрдүү формадагы самындын түрлөрүн жана айнекке пластилинди чаптоо менен кооз сүрөттөрдү жараткан С.Молдокулов атындагы Эфиронос орто мектебинин мурдагы директору, КРнын билим берүүсүнүн отличниги Багдагүл Бакаева Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эфиронос айылынын 61 жаштагы тургуну. Анын чеберчилиги, ишмердүүлүгү жана жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.
«Тоо этегинде жайгашкан Тельман айылында төрөлүп, элеттик кыздардай айылдык турмушка чыйралып жетилдим. Орто мектепти аяктаган соң, жогорку билим алып, химия- биология сабагынын мугалими адистигине ээ болдум. Үй-бүлө күтүп, катардагы мугалимдиктен баштап, мектепте 39 жыл эмгектенип, директорлук кызматты да аркаладым. Эмгегим бааланып, көптөгөн сыйлыктарга да жетиштим. Учурда уул- кыздарымдын, небере-чөбөрөлөрүмдүн төрүндө бактылуу карылыктын доорун сүрүү менен эс алуудамын. Бирок, жарым кылымга тете өмүрүм байланган билим уясынан жашоом алыстай албай койду. Көрсө, бүткүл жан дүйнөм балдарга, кесиптештериме сиңип, ширелип кеткенин түшүндүм. Күн алыс мектепке барып, сабак өтүп, неберемди жетелеп саякаттап да турам.
Ошондой болгон күндө да бош убакытта самындын түрлөрүн жасап, айнекке пластилинди чаптоо менен түрдүү сүрөттөрдү түшүрүп да келем», - деди Багдагүл Бакаева.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...