Turmush — Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледждин энергетика кафедрасынын жамааты жана бул адистикте билим алып жаткан студенттер, бүтүрүүчүлөр Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтерине практикага барышты.
Окуу жайдан барган топ ГЭСтердин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышып, ал жердеги эмгектенген кызматкерлерден ГЭС жөнүндө толук маалыматка ээ болушту.
Окуу жайлар ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл колледжине дагы барышып, ал окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен дагы таанышып, сабактарга катышышты.
Студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатындагы бул сыяктуу иш-чаралар окуу жайдан алган билими менен өз багытынын мыкты адиси боло аларына өбөлгө түзөт.