Turmush — Бүгүн, 17-майда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратовго ОшМПУнун «Ардактуу профессору» наамын тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чараны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, ал профессордун өчпөс эмгектери, коомдогу, окуу жайдагы жана үй бүлөдөгү орду тууралуу кеп козгоп, өздүк майрамына катарлаш каалоо-тилектерин билдирди. Аны улай аталган наамды жамааттын коштоосунда ыйгарды.
Андан соң профессор окутуучулар жана студенттер жамаатына лекция окуп, мында элдик педагогика, кыргыздын нукура билимдери, Манас эпосу тууралуу эл арасында түбөлүккө пайдаланууга кажет болгон түшүнүктөрдү айтты. Кыргыз элинин көрөңгөлүү адабиятын, улуттук мурастарын сактоо менен келечек муунга татыктуу калтыруу абзел экендигин белгиледи.
Муну менен бирге Абдыкерим Муратовдун замандаштары, жакын саналааштары, шакирттери куттуктоо сөзүнө чыгып, анын кубанычына ортоктош болуу менен, изги тилектерин билдиришти.