Turmush — Акматбек Шүкүрбеков Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
15-майда өткөн Ат-Башы айылдык кеңештин сессиясына 43 депутаттын 40кы катышып, төраганы шайлашты.
Шайлоодо Акматбек Шүкүрбеков менен Кубан Айдаралиев ат салышты. Жыйынтыгында Шүкүрбеков 24 добуш, Айдаралиев 15 добуш алды. Бир депутат баарына каршы добуш берди.
Буга чейин Шүкүрбеков Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп кызмат кылып келген.
Айыл аймактарды ирилештирүүнүн алкагында Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Ат-Башы айылдары биригип, Ат-Башы айыл аймагы болуп түзүлгөн.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.