Turmush — Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы сапат менеджменти боюнча төрт күндүк эл аралык курстан өтүштү.
Бул иш-чара «Менеджер/внутренний аудитор системы управления качеством по ISO 9001:2015» деп аталып, билим берүүнүн сапат менеджмент системасын эл аралык стандартка ылайыкташтыруу максатында №Серт Интернешнл» эл аралык жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өткөрүлдү.
Мында эл аралык тренер Лукманов Саид-Аброр окуу жайдын жамаатына сапатты башкаруу системасынын менеджерине тиешелүү бардык маалыматтарды берип, лекция окуду. Жетекчилик түзүмдөрдө эмгектенип жаткан проректорлор, декандар, кафедра башчылары катышып, университеттеги окуу жана тарбия иштеринин сапатын жогорулатууда көңүл бурулуучу негизги маалыматтарга ээ болушту.
Төрт күнгө созулган курстун жыйынтыгында ар бир катышуучуга эл аралык деңгээлдеги сертификаттар тапшырылды.