Turmush — Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде кыргыз эл акыны, коомдук ишмер Тазагүл Закированын чыгармачылык кечеси уюштурулду.
Акындын чыгармачылык жана эмгек жолун чагылдырган видеотасманын көрсөтүлүшү аркылуу акындын жолугушуусу башталды. Ага улай эле акындын чыгармачылык жолуна күбө болуп келе жаткан замандаштары, калемдештери куттуктоо сөзүн айтышты.
Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин таланттуу жаштары тарабынан акын Тазагүл Закированын канаттуу поэзиясынан көркөм окулуп, анын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылды.
Сөз кезегинде Тазагүл Закирова чыгармачылыкка байланган өмүрү жөнүндө кенен баяндап берди. Айрым чыгармаларынын жаралуу учуруна токтолуп, себептерин айтты. Обондуу ырларынын кайрыктарын кайталап, поэзия саптарынан көркөм окуп берип, чыгармачыл дүйнөдөн өзүн сынап көргүсү келген жаштарга чыгармачылыктын сырын ачып, кеп-кеңештери менен бөлүштү.
Сөз кезегинде Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев акындын атайын убактысын бөлүп, университеттин жамааты, студенттери менен чыгармачылык жолугушууга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Чыгармачыл инсандын өмүрү жаштар үчүн өрнөк боло тургандыгын баса белгилеп, акынга чыгармачылык ийгилик, ден соолук, бактылуу өмүр каалады.
Акындын калемине таандык чыгармалардын аткарылышы жана авторго айтылган каалоо-тилектер кеченин жалпы катышуучулары тарабынан кызуу колдоого алынып, кече суроо-жооп менен коштолду.