Turmush — 17-май күнү Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында «Bilimfest-2023» ачык эшиктер күнү өтөт.
Кесипке багыт берүү максатында өтүүчү иш-чарада окуу жайдын факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жармаңкесин тартуулайт. Билим фестивалында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Менин тандоом — ОшМУ» аталышында сынактар өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө iPhone'дон баштап, ноутбук, смартфондор жана көптөгөн баалуу белектер берилет.
Иш-чаранын программасы катышуучулар катталгандан кийин QR код аркылуу жеткиликтүү болот жана катталган QR код аркылуу баалуу белектер ойнотулат.
«Bilimfest-2023» иш-чарасын белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков алып барат. Учурдагы Тик-Ток платформасынын жылдыздары Арген (sigma), Саади жана башка жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ коноктор коштойт.
ОшМУ бул күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн, мугалимдерин, ата-энелерди конок катары чакырат.
Келген коноктор каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга да күбө болушат. Университеттин бардык факультеттерине саякаттоого да мүмкүнчүлүк болот.