Turmush — Ош технологиялык университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын жамааты тарабынан «Акындар — руханий дүйнөнүн алптары» деп аталган поэзия кечеси өткөрүлдү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, кеченин максаты кыргыз рухий дүйнөсүнүн азыркы жаштар арасындагы ордун бекемдөө болуп эсептелет. Поэзия кечесине бүгүнкү күндүн акындары, филолог, журналист, энциклопедист Орозбаев Бакытбек Жусуевич жана акын, филолог, тарыхчы, юрист, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымы Закирова Бермет Абдикалиловна чакырылды.
Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев кечеге катышып, студенттер менен жолугушуп, акындык сырлары бөлүшүп жаткан акындарга ыраазычылык билдирүү менен акындардын адамдардын рухий дүйнөсүн, атуулдук сезимин керемет саптары аркылуу ойготуу менен алардын жашоолоруна түздөн-түз таасир этүүчү күчкө ээ өзгөчө адамдар экендигин белгиледи.
Кафедранын жамааты жана студенттер тарабынан эки акындын ырларынан үзүндүлөр окулуп, музыкалык чыгармалар жаңырды. Акындар өздөрүнүн акыркы жазган чыгармалары менен бөлүшүп келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды. Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы А.Т.Саттарова акындарга ийгилик каалап, белектерди тапшырды.