Turmush — ОшТУда Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары кафедрасы тарабынан «Кыргызстандагы санарип технологиясынын өнүгүүсү» деп аталган тегерек стол уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты студенттерге Ош шаарындагы жана жалпы эле Кыргызстандагы санарип технологиясынын өнүгүү абалы тууралуу маалымат берүү жана атайын адистер менен биргеликте жалпы маселелерди талкуулап, аларды чечүү жолдорун сунуштоо болуп эсептелет.
Тегерек столго КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын, Түштүк радиорелейлик станциялар башкармалыгынан, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын автоматтык билдирүүлөрдү коммутациялоонун автоматташтырылган борборунан жана башка ишканалардан өкүлдөр келишип, санариптик технологияга байланышкан маселелер талкууланды. Факультеттин жамааты, студенттери жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.