Turmush — Ош технологиялык университетинин жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасына Россиядан иш берүүчүлөр келди.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, Россия Федерациянын «Ринцлер» ЖЧКсы тигүү фабрикасынан Ош шаарындагы филиалынын иш берүүчүлөрү студенттер менен жолугушту. Фабриканын жетекчиси кафедранын окутуучуларына, студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө заманбап ишканалардын түзүлүшү, талаптары, мода индустриянын өнүгүү концепциясы, өндүрүштүк аналитика, экономика жөнүндө бир жумалык маалымат лекцияларды өттү.
«Бул ишкананын өзгөчөлүгү жеке буюртмалардын негизинде сапаттуу, люкс, Haute couture класстагы эркектер үчүн классикалык сырткы кийимдерди тигүүнү көздөйт. Ишкананын негизги максаты — өндүрүштүн бөлүмдөрүнүн башкаруу аппаратын квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо. Ошондуктан аталган кафедра жана компаниянын башчысы Дмитрий Орлов менен өндүрүштүк практикаларды өткөрүүгө жана бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо келишимдерин түзүү жөнүндө иш-чаралар пландалууда», - деп айтылат маалыматта.