Turmush — Ош технологиялык университетинде «Жаш дизайнер» мода-көргөзмө сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш-чарага жеңил өнөр жай багытында билим алып жаткан студенттер катышып, жаш дизайнерлер кийимдердин коллекциясын көрсөттү. Жаштардын кооздукту, сулуулукту баалоого үйрөтүү, өз кесибинин мыкты адиси болууга үгүттөө максатында уюштурулган иш-чарага технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жана жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты, бул багытта билим алып жатышкан студенттер, сырттан чакырылган коноктор катышты.
Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканынын милдетин аткаруучу З.А.Тешебаева жеңил өнөр жай технологиясы багытынын учурдагы эл арасындагы ордун белгилеп, улуттук маданиятты сактоодо элдик каада-салттын үлгүсү катары мааниси өзгөчө экендигин айтты.
Сахнада студенттердин колдорунан жаралган кийимдер коллекциясы коюлуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
Жыйынтыгында баш байгеге «Кийиз керемети» этно-стилиндеги кийимдер коллекциясы менен ТШИ-20 тайпасынын студенттери ээ болду.
-
1-орун — «Ак куу» той көйнөктөрү коллекциясы менен Русланбек кызы Айтумар, ДО- 19;
-
2-орун — «Азем» этно-стилиндеги кийимдер коллекциясы менен Маматова Айсулуу, ДО-19;
-
3-орун — «Сезим ыргактары» этно-стилиндеги кийимдер коллекциясы менен Асанова Жылдыз, ТШИ-20;
-
4-орун — «Көпөлөк» кийимдер коллекциясы менен Орунбекова Айгерим, ДО-22.