Turmush — Ош шаарында жер үстүндөгү өтмөктүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.
Анын айтымында, жер үстүндөгү өтмөк А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулууда.
«Курулуш жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Жалпы баасы 45 млн сомду түзөт. Өтмөктүн бийиктиги 6,5-7,20 метр болот. Төрт тарабынан атайын адамдар чыгуучу тепкичкер каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кары-картаңдар үчүн 4 тарабына лифт коюлат. Үстүңкү айлампанын кеңдиги 4 метр болот. Кышында, жаан-чачын мезгилде кыйынчылык жаралбашы үчүн үстү каттуу айнек менен жабылат. Курулуш иштерин Эгемендүүлүк күнүнө бүтүрүү пландалууда», - деди Пайзиев.
Буга чейин Ош шаарында эки көчөгө жолдун үстүнөн өтүүчү өтмөк куруу пландалып жатканы айтылып, долбоордун эскиздик варианты жарыяланган.
«Унаа тыгыны көп болгон жерлерге, биринчи кезекте жөө жүргөн адамдарга ыңгайлуу жана коопсуз өтмөктөрдү куруу максаты болгон. Анын алкагында тиешелүү адистер менен бирге жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн эскиздик вариантын иштеп чыктык. Азырынча шаардын эки жерине жөө адамдар үчүн өтмөк куруу пландаштырылууда, бул жол тыгынды азайтууга өбөлгө болот деп жатабыз. Шаарда калктын санынын өсүшү менен азыр дагы, келечек үчүн дагы зарыл деп эсептейбиз.
Курулуштун төрт тарабынан чыгып, түшүүгө атайын эскалаторлор болот. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дагы лифт каралат. Ошондой эле адамдар айланып басып өтүүчү жайга атайын жумшак резинанын аралашмасы менен жасалуучу материалдар менен төшөлөт. Өтмөктүн бийиктигин эске алуу менен коопсуз болуш үчүн кеминде 2 метр болгон заманбап архитектуралык дизайн менен камтылган тосмолор болот.
"Жер астынан өтүүчү өтмөк курсаңар болбойбу?" деген пикирлер дагы болуп жатат. Ага төмөнкүдөй түшүндүрмө берем. Өтмөк курулуучу жерде коммуникациялар 2,8 метр төмөндө жайгашып, алардан ылдый куруу үчүн кеминде 7,8 метр жерди казууга туура келет. Мындай учурда негизги жолдорду айлап жаап салуу шаар эли үчүн бир топ түйшүк болоору бышык. Коммуникация жолдун так ортосунда. Ошондуктан жер үстүнөн курсак жолду толук жаппай, экономикалык жактан дагы бир кыйла үнөмдүү болуп жатат», - деген Пайзиев.