Turmush — Бүгүн, 11-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин башкы имаратындагы чоң жыйындар залында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө туура кесип тандоо багытындагы «Кесибим — ырыс кешигим» аталышындагы форум болуп өттү.
Иш-чарага Ош облусунун бардык райондорундагы орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышты.
Форумдун расмий ачылышында окуу жайдын жетекчилигине сөз берилди. Куттуктоо сөзүндө жетекчилик Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы, студенттерге түзүлгөн мыкты шарттары, башка жогорку окуу жайлардан болгон артыкчылыктары жөнүндө кенен айтып беришти. Ошону менен катар эле кесиптин туура тандалышы — келечекке ташталган ишенимдүү кадам экендиги айтылды.
Кесип тандоого багыт берүү максатында даярдалган спикерлердин презентациясы форумдун ишин улантты. Иш-чаранын бул бөлүгүндө «Сынак», «Лидер-Азия» окуу борборлорунун, «Youth of Osh» компаниясынын өкүлдөрү жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин атынан форумдун уштуруучулары ишмердиктери боюнча маалымат беришти. Спикерлер менен жүргүзүлгөн суроо-жооптор аркылуу форум ишин жыйынтыктады.