Turmush — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер боюнча Каракол шаарындагы жооптуу катчысы болуп Замирбек Турдукеев дайындалды.
Турдукеев Замир Турдукеевич 1957-жылы 15-июлда туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
2005-2008-жылдары Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болгон. 2022-жылы биринчи элдик курултайга Жети-Өгүз районунан делегат болгон.
1973-1977-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун физика факультетинде билим алган.