Turmush — Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери Урал мамлекеттик экономикалык университетине барды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери жаштардын «Многополярный мир в фокусе новой действительности» деп аталган Евразия экономикалык форумуна катышып келишти. Аталган иш-чара 2010-жылдан бери Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинде жыл сайын өткөрүлүп келет.
ОшТУдан барган топ «Экономикалык коопсуздук жаштардын көзү менен: дүйнөлүк жана россиялык тажрыйба» секциясында жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштеринин эл аралык сынагына ардактуу мейманы жана эксперти катары катышты.
Форумдун конгресстеринин алкагында ЖОЖдордун ректорлорунун жолугушуусу, ачык лекциялар, мастер класстар, форумдун салтанаттуу ачылышы, пленардык жыйын, «Дүйнө жүзү боюнча» маданият фестивалы, финалдык сынактар, эл аралык олимпиадалар, тез шахмат боюнча турнирлер, тегерек столдор өткөрүлдү. Иш-чарага дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн өкүлдөр келишти.
Евразия экономикалык жаштар форуму — жаштардын илимде, долбоордук ишмердүүлүктө жана ишкердүүлүктө карьералык жана жеке өсүшү үчүн, чыгармачылык потенциалды ишке ашыруу үчүн старттык аянтча.
ЕЭФМ — улуттук жана дүйнөлүк экономиканын актуалдуу багыттары боюнча дискуссиялар үчүн платформа. ЕЭФМ — бул тажрыйбалуу эксперттердин колдоосу менен жаштардын идеяларын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн кубаттуу ресурс. Форумдун миссиясы: евразиялык интеграция максатында интеллектуалдык жаштарды бириктирүү, Екатеринбургда евразиялык интеграциянын жаштар борборун түзүү.