Turmush — Бүгүн, 2-майда Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жаңы башкы директору Гүлбара Абдыкалыкова жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
- Г.Абдыкалыкованы кызматка дайындоо тууралуу буйрукка 2023-жылдын 24-апрелинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Дайындоого маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максүтовдун сунушу себеп болду.
Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна 1981-жылы 20-октябрда Ысык-Көл облусундагы Чырпыкты айылында туулган. Ал буга чейин Улуттук тарых музейинин милдетин аткаруучу директор болуп иштеген. Ошондой эле эл аралык уюмдарда эмгектенген.
Резюмесин окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча
01-05-2023
Гүлбара Абдыкалыкова «Сулайман-Тоо» музейинин башкы директору болуп дайындалды