Turmush — Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин командасы түштүк аймагы боюнча ЖОЖдор арасында өткөн студенттер аралык интеллектуалдык таймашта 1-орунду алды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш чара ОшТУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулган. «Кыргызстанга саякат» аталышындагы интеллектуалдык таймашта Кыргызстандагы жайгашкан шаарлар, өлкө аймагындагы белгилүү жерлер, географиялык абалы тууралуу суроолор камтылган.
Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин атынан барган «Интеллектуалдар» командасын даярдоо иштерин КӨЭАУнун ЭАБИИ ишмердүүлүгүнүн «Интеллектуалдар» борборунун жетекчиси Сагын Маманов колго алган.
Иш-чаранын негизги максаты жогорку окуу жайлар ортосундагы байланышты чыңдоо, студенттер арасында достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштарга Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат берүү болуп саналат.