Turmush — Ош технологиялык университетинин студенти чечендик өнөр боюнча сынакта үчүнчү орунга ээ болду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Корей тилинен чечендик өнөр боюнча сынак Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик подагогикалык университетинде өткөрүлдү. Иш-чарада ОшТУнун студенти Аида Турсуналиева 3-орунга ээ болду. Сынак Бишкек шаарындагы Корей билим берүү борбору жана Кыргыз Республикасынын корей профессорлор ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген корей тилин үйрөнүүчүлөр чечендик өнөр боюнча күч сынашты.
ОшТУнун Корей борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг мырзанын жетекчилиги астында сынакка даярданган студент сынактын шартына ылайык көрүүчүлөргө корей тилинде ырларды айтып, чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарды.
Корей борбору ОшТУда мындан бир топ жыл мурун ачылып, корей тилин студенттерге, окуучуларга үйрөтүүдө көптөгөн иштерди аткарып келет. Бул борбордон билим алган студенттер республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Ошондой эле, бул борбор аркылуу ОшТУнун студенттер Түштүк Корея мамлекетине мобилдүүлүк программасы боюнча билимин улантып жатышат.