Turmush — Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин кызмат ордуна Бахавадинов Эрмек Ибрагимович дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент 2023-жылы 28-апрелде кол коюлду.
Жаңы акимди президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев Эшенович райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы жааматына жана райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырды.
- Э.Бахавадинов 1978-жылы 6-январда Баткен облусунун, Лейлек районунун Арка-2 айылында туулган. Ал бул кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кенештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти болуп иштеп жаткан.
Жети-Өгүз районунун буга чейинки акими Тагаев Мураталы Абдыкарович Бишкек шаарындагы Ленин райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалган.
Ал Жети-Өгүздүн акими болуп 2022-жылдын 14-мартында дайындалган болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.