Turmush — Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан «Кыргызстанга саякат» аталышындагы интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты жогорку окуу жайлар ортосундагы байланышты чыңдоо, студенттер арасында достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштарга кыргыз өлкөсү тууралуу кеңири маалымат берүү болуп саналат.
Сынакка Ош мамлекеттик университетинин медицина факультети, Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош шаарынын командасы жана Кыргыз-Өзбек университетинин командалары катышты. Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандагы жайгашкан шаарлар, өлкөнүн аймагындагы белгилүү жерлер, географиялык абалы тууралуу суроолор берилип, командалар конкурстун шартына ылайык жоопторду беришти.
Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунга К-ӨУ командасы, 2-орунга ЖАМУ командасы, 3-орунга ОшМУнун медицина факультетинин командасы ээ болушту. ОшТУнун жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга дипломдор жана ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды.