Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата Ош шаардык колледждер аралык «Мурас» өтмө кубогу үчүн спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Спорттук иш-чаранын негизги максаты жаштардын спорт менен машыгып, дени сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө жана орто кесиптик окуу жайларынын ортосундагы байланышты чыңдоо болуп эсептелет.
Мелдеш Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында өткөрүлүп, шаардагы колледждерден 10 команда катышты. Мында спорттун улуттук жана классикалык түрүнөн кыздар жана уландар командалары күч сынашты. Оюндар калыстар тобу тарабынан көзөмөлдөнүп, жыйынтыгында жеңүүчү командаларга аталган университеттин жетекчилиги тарабынан дипломдор жана грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. Жалпы командалык эсепте биринчи орунга ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин командасы ээ болду.
Волейбол (балдар):
1-орун ОшМУнун «Колледждер» курама командасы;
2-орун ОшМУнун медициналык колледжи;
3-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи.
Волейбол (кыздар):
1-орун ОшМУнун «Колледждер» курама командасы;
2-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи;
3-орун ОшМУнун медициналык колледжи.
Аркан тартыш (кыздар):
1-орун ОшМПУнун колледжи;
2-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи;
3-орун ОшМУнун медициналык колледжи.
Аркан тартыш (балдар):
1-орун ОшМУнун медициналык колледжи;
2-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи;
3-орун ОшМПУнун колледжи.
Стол теннис боюнча:
1-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи;
2-орун ОшМУнун медициналык колледжи;
3-орун ОшМУнун медициналык колледжи.
Салтка айланган «Мурас» өтмө кубогу бул жолу жалпы командалык эсепте алдыңкы орунду ээлегендиги үчүн ОшМУнун медициналык колледжине өткөрүлүп берилди.