Turmush — Ош технологиялык университетинин делегациясы Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университетинде өтүп жаткан мааракелик «X эл аралык политехникалык жумалык – 2023» иш-чарасына катышып жатат.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, делегацияны мамлекеттик тил боюнча проректор, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.З.Зулпуев жетектеп барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУ менен Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университетинин ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу, эл аралык долбоорлорду бирге ишке ашыруу боюнча макулдашуулар болуп, жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.