Turmush — Ысык-Көл облустук сотуна, Ысык-Көл райондук сотуна жана Тоң райондук сотуна жаңы судьялар дайындалды. Алар биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалганын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Ысык-Көл облустук сотуна — Дюшеналиев Болоткан Жекшенович. Буга чейин Бишкек шаарындагы сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.
Тоң райондук сотуна — Абдинасирова Гүлзат Ниязбековна. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда консультант болуп иштеген.
Ысык-Көл райондук сотуна — Матемиров Азат Акылбекович. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда бөлүм башчы болуп иштеген.
- Дюшеналиев Болоткан Жекшенович 1962-жылы 31-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жетиген айылында туулган.
Билими:
- 1982-жылы Фрунзедеги автожол техникумун аяктаган;
- 1990-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту бүтүргөн;
- 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
- 1997-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун юридикалык кеңешинде кызматкер;
- 1999-2005-жылдары Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында адис;
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...