Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы жаӊы конуштарда жашаган 1500 кишиге жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшыруу үчүн чечим чыгарылып берилди. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Новопавловка айыл өкмөтүнө жалпы 15 миӊге чукул кишиден арыз келип түшкөн.
Айыл өкмөт башчысы Нурболот Мурзакматовдун айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жашоочулардын кызыл китебин тез арада берүү боюнча болгон аракеттер көрүлүүдө.
«Айыл өкмөттүн күтүү залында киши толтура. Күн сайын 200-300 киши келип жатат. Анын баарын кабыл алып, документтерин тыкыр карап, чечимдерин чыгарып берип жатабыз», - деди ал.
Бүгүнкү күнгө карата Сокулук районундагы комиссияга 18 570 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 14 793 арыз Новопавловка айыл аймагынан келген. Ак-Ордо конушунда жалпы 894 гектар жерге мунапыс берилет.