Turmush — Бүгүн, 27-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш сапары менен болуп, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту.
Жолугушууда К.Иманалиев алгач министрликте жүрүп жаткан соңку иш аракеттер, жетишкендиктер, алдыдагы иш пландар жана билим берүү тармагындагы маселелер боюнча токтолду. Ошондой эле министр жогорку билим берүү жаатында, өзгөчө педагог адистерди даярдоодо Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин орду жогору экенин белгилеп, министрлик тарабынан жакындан колдоого алынаарын айтып өттү.
«Иш-чаранын кийинки бөлүгү министрдин студенттерге арналган атайын лекциясы менен коштолду. Лекция «Улут, мамлекет, мамлекеттин руханий интеллектуалдык, экономикалык күчүн көтөрө турган интеллигенция, элита жана мындагы мугалимдердин, студенттердин ролу» жана «Кыргызстандагы алгачкы педагогикалык окуу жайлардын ачылыш тарыхы» деген аталышта болуп, К.Иманалиев катышуучуларга элибиздин улуттук баалуулуктары, нарк-насили, каада салты, этнопедагогикасы, тарыхы жана «Манас» эпосу тууралуу таасирдүү маалыматтар менен бөлүштү», - деп айтылат маалыматта.
Министр жолугушуудан соң ОшМПУнун материалдык базасы жана жаңы курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу корпусу менен таанышып чыкты.
Каныбек Иманалив бүгүн эртең менен Ош облусундагы, шаардагы мектеп директорлору менен жолугушкан. Ал эми кезектеги иш сапары Ош мамлекеттик университетинде уланат.