Turmush — Ош технологиялык университетинин физика жана энергетикалык машина куруу жана кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедраларынын окутуучулары жана студенттери Андижан машина куруу институтуна барып, окуу жай менен кенен таанышып келишти.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, буга чейин эки тараптуу кызматташуунун жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жол картасы түзүлгөн.
Бүгүнкү сапар түзүлгөн келишимдин негизинде болуп, эки тараптуу кызматташууну мындан ары күчөтүү максатындагы маселелер талкууланды.