Turmush — Өткөн аптада жол кырсыгына кабылган Ат-Башы мектеп-лицейинин окуучуларына автобус белекке берилди.
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, автобус мектеп окуучуларына 24-апрелде белекке берилген. Унаа Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлөт.
Кичи автобусту тапшыруу аземине райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, мектеп мугалимдери жана окуучулардын ата-энелери катышты.
Turmush басылмасына белгилүү болгондой, автобус жеке компания тарабынан берилген. Автобустун үлгүсү — «CHTC CHUFENG HQG6100EN4H», 2017-жылы чыгарылган, кыймылдаткычтын көлөмү 6,4.
Кыргызстанда автобус 2018-жылдын 22-мартында катталган.
Буга чейин 20-апрелде Бишкек шаарынын четинде «Манас» аэропортуна баруучу жолдо кичи автобус менен окуучуларды ташыган автобус кагышканы маалымдалган.
Анын кесепетинен жалпысынан 30 адам жаракат алган. Окуучулар Лесное айылынан Манас айылындагы мектепке бара жатышкан.
Жабыркагандардын тизмеси.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Телеграм-канале подпишись!