Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө алгачкы жолу жаратылыш газы тартылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Айыл өкмөт башчы Руслан Маматов жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында аймакка газ алып келүүнү колго алган. Жаратылыш газын пайдаланууга берүү боюнча расмий иш-чара 18-апрелде өткөрүлдү. Ага аймактын тургундары катышып, бул саамалыкка кубанып жатканын билдиришти.
Газ тартууга жергиликтүү казынанын эсебинен 15 млн сом бөлүнгөн. Ал эми айыл аймакта 22 миң адам жашайт.
Быйыл Кенжекул айылына, 2024-жылы Мөнөк айылына жаратылыш газын тартуу пландалууда.