Turmush — Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын ага окутуучусу Зиягүл Абдувапова Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн «I эл аралык китеп басмасы» долбоорунун «Мыкты илимий кызматкер-2023» номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды.
Бул илимий иш-чара КМШ мамлекеттеринин билим берүү жана илимий мекемелеринин ортосунда илимий кызматкерлердин эмгектерин баалоо максатында уюштурулду. Бул долбоордун демилгечиси жана уюштуруучусу болуп «Бобек» жалпы улуттук кыймылы» бириккен юридикалык ассоциациасы эсептелет.
З.Абдувапова өзүнүн «Суверендүү Кыргызстандын айыл-чарба тармагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик саясатынын калыптанышы (1991-2010-жылдары)» деп аталган илимий макаласы менен катышкан. Мында Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки экологиялык саясатына байланышкан маселелер каралган.
Калыстар тобунун чечими менен аталган макала эң мыкты деп табылып, ага окутуучу З.Абдувапова 1-даражадагы диплом жана «Мыкты илимий кызматкер» медалы менен сыйланды.
«Зиягүл Абдувапованын мындан кийинки илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз», - деп айтылат окуу жайдын билдирүүсүндө.