Turmush — Ош шаардык архитектуралык көзөмөл башкармалыгы «Манас Ата» кафесин мурдагы калыбына келтирүү боюнча Ош шаардык сотуна доо-арыз менен кайрылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Руслан Суракматов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин сот тарабынан артка кайтарылган иштин баарын, анын ичинде «Манас Ата» кафесинин иши боюнча да доо-арыз берилди.
Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Манас Ата» кафесинин иши боюнча доо-арыз Ош шаардык сотунун өндүрүшүнө алынып, биринчи соттук отурум бүгүн, 19-апрелге дайындалган.
Аталган башкармалык буга чейин «Манас-Ата» кафеси боюнча эки ирет доо-арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылган. Эки жолу тең шаардык сот доо-арызды артка кайтарган.
---------------------------------------
Буга чейин Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы Ош шаардык соту архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын «Манас-Ата» кафеси боюнча жазган арызын кароосуз калтырганын билдирген.
Маалыматка караганда, архитектура башкармалыгы сотко доо-арыз берүүдө тиешелүү далилдерди көрсөткөн эмес. Мындан улам сот аталган башкармалыкка доо-арыздагы кемчиликтерди оңдоо үчүн 10 күн убакыт берген. Бирок эч кандай аракет болгон эмес.
Архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Залкар Азимовдун айтымында, сотко «Манас Ата» кафеси документте көрсөтүлгөн багытында иштесин деген жүйөө менен арыз жазылган.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жоюлганына байланыштуу Ош шаарынын мэриясы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Ош шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына А.Шакиров көчөсү 152 дарегинде мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча доо арыз менен сотко кайрылууну тапшырган.
-
2022-жылы 30-июнда Ош шаардык прокуратурасы Ош шаарынын мэринин (Алмазбек Мамбетов), Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика көзөмөлү боюнча кызматтын Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчисинин, «Ошэлектр» ААКтын башкы директорунун (Мырзабаев Данияр Рыскелдиевич) атына сунуштама жөнөткөн.
- Катта прокуратура алардан техникалык шарттарды жокко чыгарып, коммуналдык түйүндөрдөн өчүрүп, кызыл сызыкка чыккан коомдук тамактануу түйүнүн бузуп жана баштапкы калыбына келтирүү боюнча сотко доо арыз менен кайрылууну сураган.
Буга чейин аталган кафеде журналисттер менен администратордун ортосунда кайым айтышуу болгон. Журналисттер кафедеги санитардык нормаларды текшерүүнү көздөп, бирок имаратка кире алышкан эмес.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы кафени текшерип, ээсине жана башкы ашпозчуга айып пул салган. Кафенин ишин токтотуп, суу жана электр энергиясын берүү токтотулган.
Кафенин боюнча ишти Ош шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Уникальные видеоистории о жителях регионов Кыргызстана в Инстаграме