Turmush — Бүгүн, 13-апрелде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Аталган таймашта окуу жайдын факультеттеринин 2-курстарынан тандалып алынган 7 команда ат салышып, өз билимин сынашты. Катышуучулар жободо белгиленгендей, «Кыргызстан тарыхы», «Дүйнөлүк бренддер», «Аралаш суроолор», «Мультикино ааламы», «Матрица УРУ» жана «Логикалык суроолор» аттуу категориялардагы суроолорго жооп беришти. Суроолор бардык предметтерди өзүнө камтып, логикалык акыл-эсти жогорулатууга багытталган.
Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 3 команда байгелүү орундарды ээледи.
Алар:
- 1-орун — музыкалык-педагогикалык факультетинин «Жаш канат» командасы;
- 2-орун — математика жана компьютердик технологиялар факультетинин «Эйнштейн» командасы;
- 3-орун — гуманитардык факультетинин «Diamond» командасы.
Жеңүүчүлөргө диплом, акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Андан соң уюштуруу тобу тарабынан студенттерге Рамазан айынын урматына суу жана курма таратылды.
Интеллектуалдык оюн жаштарды билим алууга, улам жаңы маалыматтарга үндөө максатында гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы жарыялаган жумалыктын алкагында уюштурулган.