Turmush — Ош технологиялык университетинде табигый-техникалык факультетинин жамааты тарабынан кесипке багыттоо иш-чарасы өткөрүлдү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул максатта факультеттин окутуучулук курамы Кара-Суу районунун №89 Бүбүсара Абдырахманова орто мектебине, Алай районунун №15 Токтомамат Жумабаев орто мектебине жана Кара-Суу районунун №86 Курманжан датка мектеп-гимназиясына барып, окуучуларга жана мугалимдер жамаатына университет жөнүндө маалымат беришти.
Окуу жай тууралуу кеңири маалыматтарды берүү менен бирге факультеттин үлгүлүү бүтүрүүчүлөрүнүн жана студенттеринин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Кесипке багыттоо иш-чарасынын негизги максаты жогорку окуу жай менен орто мектептердин ортосундагы байланышты чыңдоо, окууда жана университеттин коомдук иштеринде ийгилик жараткан студенттердин ата-энелерине ыраазычылык билдирүү менен аларга коомдо ордун татыктуу табууга түрткү болуу болуп эсептелет.