Turmush — Ош технологиялык университетинде жаштар чыгармачылык борбору иштеп баштады. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 11-мартында студенттердин билим алуусу менен катар алардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында жаштар чыгармачылык борбору негизделген. Борбор түзүлгөн күндөн баштап «Адамдыкка сапар» деп аталган дил маек сериясы ар жуманын шейшемби күндөрү өткөрүлүп турат. Бул борбордун кезектеги иш-чарасы өткөрүлүп, мында ар тараптан өнүгүүнү каалаган жаштардын тобу борбордун иш-пландарын бекитип, келечекте студенттерге пайдалуу иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.
Аталган борбордун негизги максаты студенттерге билим берүү менен бирге улуттук тарбиянын негизинде алардагы жеке мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, чыгармачылыктарын өркүндөтүү болуп саналат. Мында студенттерге мотивациялык семинарлар белгилүү инсандар жана тренерлер тарабынан өткөрүлүп турмакчы.
Данияр уулу Элдиярдын жетекчилигинин алдында окуу жайдын активдүү студенттеринен түзүлгөн борборго окуу жайда билим алып жаткан бардык студенттер келип, өздөрүндөгү чыгармачылык таланттарын өркүндөтө алышат.