Turmush — Баткен облустук соту сүйлөшкөн кызынын таежесин бычактаган жигитке карата 2022-жылдын 16-декабрында өкүм чыгарды.
Айыпталуучу Гүмүшбай (аты өзгөртүлдү С. уулу Г.) 2000-жылы Кызыл-Кыя шаарында туулган. Бойдок, мурда соттолгон эмес. Эч жерде иштебейт. 2022-жылдын 22-апрелинен тартып камакта. Ал Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2022-жылдын 27-сентябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон зордуктоо) менен күнөөсүз деп табылып, аракеттеринде кылмыштын курамы жокү болгондугуна байланыштуу акталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелеринин 1-бөлүгү (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна (белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу) ылайык, белгиленген жазаны жалпы тартипте түзөтүү абактарында өтөөсү аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнө (жазаларды бириктирүү жана камакта кармоо убактысын кошуу эрежелери) ылайык, жазаны өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 22-апрелинен баштап эсептеленген.
Кылмыштын чоо-жайы:
Айыпталуучу Гүмүшбай 2022-жылдын 31-январынан 1-февралына караган түнү саат 02:00 чамаларында өзүнүн кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн кызы Канайымдын (аты өзгөртүлдү А. кызы К. 1998-жылы туулган) Кызыл-Кыя шаарында жашап жүргөн батирине издеп барган. Бирок ал жок болгондуктан батирде аны менен бирге жашаган, 1972-жылы туулган таежеси Кермегүл (аты өзгөртүлдү Д.К.) уктап жаткан бөлмөгө кирген. Кермегүлдү ойготуп, өзү менен алып келген бычакты төшүнө такап «үнүңдү өчүр» деп, Канайымдын үйдө жок экенин айтып, ага телефон чалып чакыруусун талап кылган. Кермегүл телефон чалып Канайымды чакырганда ал келем деп бирок келбей койгон.
Андан кийин Гүмүшбек «Канайымды чакырып бере албадың. Сен кайда экендигин билесиң. Бирок айтпай жатасың. Менден качырып жибердиң» деп анын 2 колун жана оозун өзү алып келген скотч менен байлаганга аракет кылган. Бирок скотчун лентасы толук чыкпай, айрыла бергендиктен Кермегүлдү колу менен басып, бычак менен уруп, каршылык көрсөткөндө жүрөк тарап сайып, ары-бери бурап, кайра сууруп алып, «Кыйкырсаң өлтүрөм» деп коркуткан. Ошол учурда Кермегүлдүн ичи ооруп, чоң заара кылып келгенге дааратканага суранган. Ал анын бардык кыймыл-аракетине колундагы бычагы менен көзөмөл кылып, уруксат бербей коюп, ал дааратканага жетпей шымына чоң заара кылып жиберген. Гүмүшбай анын жытына чыдабай, окуя болгон батирден чыгып кеткен.
Гүмүшбай жогорудагы кылмыштуу аракети менен чектелип калбастан арадан 2 саат өткөндөн кийин жабырлануучу Кермегүл тазаланып, алсыз абалда диванга жатып уктап калганда кайра батирге кайтып келген. Ал кылмышын жаап-жашыруу максатын көздөп, Кермегүлдү өлтүрүү үчүн анын жаткан жеринен бычакты мойнуна такап, кескилеп мизи менен тарта баштаганда, ал бакырып, бычакты эки колу менен мыжыгып кармап, мойнунан ары түртүп, каршылык көрсөткөн. Аны кесепетинен колдору, алакандары, манжалары кесилген. Гүмүшбай тарткылашып жатышкан жеринен бычагын жулуп алып, «бул окуяны бирөөгө айтсаң союп өлтүрүп салам» деп, беттерин кескилеп, Кермегүл кансырап баштаганда батирди ачкыч менен сыртынан бекитип чыгып кеткен. Бычакты болсо атайын жок кылган.
Гүмүшбай 2022-жылдын 1-февралынын таңында кайрадан батирге келип, сүйлөшкөн кызы Канайымга жолугуп (ал ошол учурда келип калган), аны ээрчитип, жоопкерчиликтен кутулуу максатында качып кеткен деген жагдайларда айыбы угузулган. Иш боюнча жогорудагы өкүм кабыл алынган.
Прокурордун каршылыгы:
Бул өкүм менен макул болбостон, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун орун басары Т.А. тарабынан апелляциялык сунуш келтирилип, анда Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2022-жылдын 27-сентябрында Гүмүшбайга карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон зордуктоо) боюнча чыгарылган актоо өкүмүн толугу менен жокко чыгарып, мыйзам чегинде өкүм чыгарууну суранган.
Жактоочулар эмне деген?
Гүмүшбайдын жактоочулары тарабынан да апелляциялык даттануу келтирилип, анда Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2022-жылдын 27-сентябрындагы өкүмдүн актоо бөлүгүн толугу менен өзгөртүүсүз калтырып, ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган бөлүгүн толугу менен өзгөртүп, Гүмүшбайдын аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгү (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен квалификациялап, айып пул салып, камактан бошотуп берүүнү, өкүмдүн калган бөлүгүн өзгөртүүсүз калтырууну суранышкан.
- Биринчи инстанциядагы соттук териштирүүдө айыпталуучу Гүмүшбай менен жабырлануучу Кермегүлдүн жээн сиңдиси Канайым кыз-жигит катары сүйлөшүп, ортолорунда нике кыйылгандыгы жана алар окуя болгонго чейин чогуу жашагандыгы аныкталган.
Күбөлөр эмне деген?
Биринчи инстанция сот отурумунда күбө катары суралган Гүмүшбайдын таанышы Насир маалымат берип, Гүмүшбай анын тайкесинин баласы боло турганын айткан. Окуя болгон күнү Гүмүшбай экөө үйүндө кечке иш кылышкан. Гүмүшбай кечинде чайханага барып келем деп кеткен. 2022-жылдын 1-февралында түнкү саат 03:00 чамаларында Гүмүшбай ага телефон чалып, «Менден ыраазы болгула. Ата-энемди, карындашымды жакшы карагыла. Бүгүн өлөм» деп трубканы коюп койгон. Ага кайра чалып кайсы жерде экенин сурап, айткан дареги боюнча барган. 3-кабаттагы батирдин кире бериш жердеги зал кан болуп, биринчи бөлмөдөгү диванда бир аял бет тарабы кан болуп, чачтары сапсайып, төшөктө жатканын көрүп коркуп кеткен. Андан «эмне болду?» деп сураса, «эжени бычактап койдум» деп айткан. Ага «тез жардам чакырып, ооруканага алып бар» деп, өзүнүн үйүнө барып, Гүмүшбайдын кылганын апасына айтып берген. Анан апасы экөө саат түнкү 04:00 чамасында Гүмүшбайдын апасына барышкан. Ага Гүмүшбай бир аялды бычактап койгонун айтып, үчөө кайра Кермегүл жашаган батирге келишкен. Гүмүшбайды үйдүн алдында отурган жеринен табышкан. Алар апасы экөө сүйлөшүп турганда кетип калышкан.
Биринчи инстанциядагы сотто бычакталган Кермегүлдүн эжеси, Канайымдын апасы Дарыхан да маалымат берген. Ал кызы менен сиңдиси Кызыл-Кыя шаарында батирде жашап жүрүшкөнүн көрсөткөн. Кызы болсо Гүмүшбайды мурда группалашым болот деп тааныштырган. Экөө нике окутуп жашап жүргөнүн билген эмес.
Окуя болгон күнү сиңдиси телефон чалып, тез келиңиз деп айткан. Бети-башы кан экенин сураганда «Гүмүшбай кылды» деп айткан. Үйгө келип сиңдисинин бети, мойну, колдору бычак менен кесилип, кан болуп төшөктө жатканын, чоң заара кылып жибергендиктен Гүмүшбайдын апасы келип жууп, тазалаганын билген. Сиңдисинин каны көп кетип калгандыгына байланыштуу тез жардам чакырып, ооруканага алып барып жаткырган.
Кермегүлдүн зордукталганын кийин билген. Сиңдиси окуя болгондон кийин уялып, зордуктаганын айтпай, кийин айтып берген.
Биринчи инстанциядлагы сотто дарыгер М.Т. маалымат берген. Ал 2022-жылдын 1-февралында түшкө маал Кермегүлдү бычактан алган жаракаттары менен алып келишкенин айтып берди. Аны текшерген учурда бетинин 2, мойнунун 4, көкүрөгүнүн 2 жеринде, колунун манжаларында бычактан кесилген жаракаттары бар экени такталган.
Кан басымы түшүп кеткендиктен жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Жабырлануучу токтоп-токтоп сүйлөп, суроолорго өтө кыйналуу менен араң жооп бергендиктен геморолистикалык шок деген диагноз койгон. Кан басымын көтөрүп, жууп тазалап, 9 жеринен ар кандай өлчөмдөгү жаракаттарды 6 сааттан ашык дарылап, тиккен. Жабырлануучудан эмне болгонун сураса, сиңдисинин сүйлөшкөн баласы өлтүрөм деп ар кайсы жерин кесип салганын айткан. Бирок зордуктоо боюнча айткан эмес. Жарааты анча оор эмес болгон. Сырткы териси кесилген. Көкүрөккө сайылган бычактын учу сайылган жеринде 4 см аралыкта жүрөккө жетпей калган.
- Ал эми Кермегүл окуядан кийин милицияга жазган арызында да, суракка алынган учурда дагы Гүмүшбай бычактап кеткендиги тууралуу эле көрсөтүп, зордуктоо боюнча маалымат берген эмес. Соттук-медициналык экспертиза өтүп жатканда дагы аталган жагдайларды көрсөткөн эмес, керек болсо өзүнүн жакындарына да айткан эмес.
Бирок Кермегүл апелляциялык инстанциядагы сот отурумунда Гүмүшбай бычакты такап коркутуп, шымын чечтирип, диванга жаткырган айтып берген. Ал эки бутун кармап өйдө көтөрүп, анын каршылык көрсөткөнүнө карабастан зордук кылган.
- Ал эми Кермегүлдүн өзүнүн жана айыпталуучу Гүмүшбайдын окуя боюнча айтып бергендерин, кылмыштын чоо-жайын биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.
Соттун өкүмү:
Баткен облустук соту 2022-жылды 16-декабрында иштин материалдарын карап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2022-жылдын 27-сентябрында Гүмүшбай карата чыгарган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун орун басары Т.А. тарабынан келтирилген апелляциялык сунуш жана айыпталуучу Гүмүшбайдын жактоочуларынын апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.
* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.