Turmush — Ош технологиялык университетинин жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын костюм жана текстиль искусствосу, жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы багытында билим алып жаткан студенттер Өзбекстан Республикасынын Наманган инженердик-технологиялык институтуна практикага барып келишти.
Студенттер менен биргеликте жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын курамы ОшТУнун практика башчысы М.К.Ибраеванын жетекчилиги менен эки окуу жайдын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык Наманган шаарында эки күндүк сапарда болушту. Алгач Кыргызстандан барган топ Наманган инженердик-технологиялык институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан соң институттун «ISTIKBOL», «DIZAIN» өндүрүштүк ишканаларына барып, практикадан өтүштү.
НИТИнун жеңил өнөр-жай факультетинин жалпы жамаатына жана студенттерине ОшТУнун жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу Ж. Оморов доклад окуп, окуу жайдагы даярдалып жаткан багыттар, материалдык-техникалык базасы, байланыштары, жеңил өнөр-жай технологиясы багыты тууралуу кеңири маалыматтарды берди. Мындан сырткары ОшТУдан барган топ Наманган шаарында жайгашкан «IDIAL» өндүрүштүк тигүү ишканасына, булгаары иштетүүчү ишканаларына барышты.
Эки өлкөнүн ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык мындан ары дагы студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатындагы иш-чаралар улана бермекчи.