Turmush — Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобеков иш сапары менен Европага барып келди. Ректор менен иш сапары тууралуу ой бөлүштүк.
- Саламатсызбы, бүгүн сиздин жылдын башындагы Европага болгон иш сапарыңыз тууралуу маек куралы дедик. Европага болгон иш сапардын максаты кандай эле, сапарда эмнелерге жетишилди?
- Венгриянын Будапешт шаарына президент Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында Кыргызстандагы 18ге жакын жогорку окуу жайдын ректорлору менен биргеликте бардык. Анда Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын ортосунда билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган венгер-кыргыз университеттеринин ректорлорунун эл аралык форумуна катыштык. Форумдун алкагында эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда бир топ кызматташтык келишимдерине кол коюлду. Ош мамлекеттик университети дагы ошол форумду уюштурган белгилүү университеттердин бири Венгриянын ELTE (Eötvös Loránd University) университетинин жетекчилиги менен жолуктук. Эки университет ортосунда билим берүү жаатындагы эл аралык мамилени чыңдоо, тажрыйба алмашуу, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасы багыттарында кызматташууга негиз болуучу келишимге кол койдук. Делегация менен биргеликте Венгриянын бир топ мамлекеттик жана жеке университеттеринде болуп, тажрыйба алмаштык.
Андан сырткары Будапешт шаарындагы Этнография музейинде «Улуттук салттын керемети» аттуу эл аралык этно-фотокөргөзмөсүнүн ачылышына катыштык. Музейдин ичинде Кыргызстан үчүн ачылган бурч менен да тааныштык.
- Агай, айтсаңыз, буга чейин ОшМУда Венгриянын окуу жайлары менен кандай кызматташтыктар бар эле?
- Буга чейин Венгрия элчилиги менен Ош мамлекеттик университетинин ортосундагы расмий кат алмашуунун натыйжасында жана элчиликтин көмөгү менен 2021-жылдын март айында эл аралык мамилелер факультетинде «Венгер тили жана маданияты» борборун ачканбыз. Бул борбордун ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий, илимий жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Тактап айтканда, эл аралык мамилелер факультетинин студенттерине венгер тилин үйрөтүү, венгер маданияты боюнча түрдүү маданий иш-чараларды уюштуруу каралган. Учурда Венгериядан келген венгер тили мугалими студенттер менен активдүү иштешип, венгер тилин жана маданиятын үйрөтүүдө. 2022-жылы бир студент Венгриядагы Балаши жайкы мектеп программасына барып келген. Ал эми 2022-2023-окуу жылында Венгриянын университеттеринде Hungaricum программасы боюнча эл аралык мамилелер факультетинин 3 студенти билим алуусун уланткан.
Бул борборду ачуудагы негизги максат борборду кийинчерээк венгер таануу кафедрасына айлантуу менен венгер тануу адистигин ачуу пландалган. Биз келишим түзгөн ELTE (Eötvös Loránd University) университети менен ушул борбордун алкагында келишимде каралган маселелерди бекемдеп, иш алып барабыз.
- Маегибизди андан ары улантсак. Ушул эле иш сапарыңыздын алкагында Францияда болуп келгениңизди укканбыз. Айтсаңыз, Франциянын ЖОЖдору менен кандай байланыштарды чыңдоо багытында иштер болуп жатат?
- Францияга «Ерасмус+ КА 171» программасынын алкагында Пуатье университетинин чакыруусу менен бардык. Буга чейин Франциянын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус иш сапары менен ОшМУда болгондо биз Франциянын жогорку окуу жайлары менен байланышуу жаатында колдоо көрсөтүүсүн суранган элек. Өткөн окуу жылы элчилик биздин окуу жайга Франциянын Пуатье университетин байланышууга чакырып берген. Пуатье университетинен келип, биздин окуу жай менен таанышып, кызматташуу багыттарында сүйлөшкөнбүз. Алар жооп иретинде бизди Францияга чакырышты. Пуатье университети Франциядагы эң мыкты университеттердин бири. Биз окуу жайда болгондо университеттин бир топ факультеттерин, илимий лабораториялары, окутуу системалары менен тааныштык. Пуатье университети менен «Ерасмус+ КА 171» программасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койдук. Келишимге ылайык, ОшМУнун студенттери академиялык мобилдүүлүк аркылуу мындан ары Пуатье университетинен окуп, окутуучулар семинар-тренингдерге катышып келе алышат. Андан сырткары биргелешкен окутуу программаларын иштеп чыгуу багыттарында кызматташа турган болдук. Студенттер 2 курс ОшМУда окуйт, эгерде француз тилин В2 деңгээлинде өздөштүрө турган болсо, биз аларды Франциянын каржылоосундагы стипендиялык программалары менен барып 2 жыл билим алуп келүүгө жөнөтөбүз. Андан сырткары биздин окумуштуулар аталган окуу жайдын илимий лабораторияларын пайдаланууга да мүмкүнчүлүк болот. Пуатье университети Франциядагы келишимге кол коюп, кызматташып баштаган алгачкы өнөктөш университет болуп калды. Бул биздин иш сапардагы эң чоң жетишкендик болду деп айта алам.
Франциядан келгенден кийин бизнес жана менеджмент факультетине, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине, эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебине жаңы окуу жылынан бирден тайпаны ушул багытка ыңгайлаштырып кабыл алуу боюнча тапшырма берилди. Студенттер 2 жылдын ичинде француз тилин В2 деңгээлинде үйрөнө тургандай кылып окуу программаларын түзүп, даярдоо керек. Бул окуу программасы менен окуган студенттер 2 жыл ичинде француз тилин В2 деңгээлинде билип, андан кийин Пуатье университетинен окуп келүүгө даяр болушу шарт. Кайсы факультет ушул иштерди жүзөгө ашырса, ошол факультеттин студенттеринде Францияда окуп келүү мүмкүнчүлүгү бар.
- Студенттер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүптүр. Айтсаңыз, сиз үчүн Пуатье университетинин кайсыл иш аракеттерин ОшМУда колдонууга болот?
- Университет дүйнөлүк рейтингде жакшы позицияда тургандыктан биринчи кезекте менде университеттин рейтингге жардам бере турган критерийлер боюнча байланышты күчөтсөк деген ой келди. Себеби рейтингге кирүү үчүн биздин чет өлкөлүк университеттер менен баланыштарыбыз, алар менен чыккан биргелешкен макалаларыбыз, карым-катыштарыбыз чоң таасир этет. Өзгөчө илимий багытта окумуштуулары өзүнүн тармагында гана илим менен алектенбестен биргелешип бир багытта илимий иштерди жасап жатканы таң калтырды. IT+математика+медицина деген сыяктуу илимий изилдөөлөрдү алып барышат экен.
- Сиз жакында эле Москва шаарында болуп, бир топ келишимдерге кол коюп келдиңиз. Ошол жетишилген келишимдерге кенен токтолсоңуз?
- Москва шаарында эки чоң иш-чарага катышып келдим. Биринчиси Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съезди босо, экинчиси Евразиялык тармактык университеттердин жыйыны болду. ОшМУ Евразиялык университеттердин ассоциациясына мүчө болуп кирдик. Ушул эле съезддин алкагында Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен ММУнун Ломоносов атындагы борборун ОшМУда ачуу боюнча келишимге кол койдук. Экинчиси ошол борбордо биргелешкен билим берүү программаларын даярдоо. Биргелешкен билим берүү программалары боюнча колдонмо математика жана информатика (магистратура) эл аралык мамилелер (магистратура), туризм (бакалавр) багыттарында кош дипломдуу билим берүү программалары боюнча келишимге кол коюлду. Март-апрель айларында Москва мамлекеттик университетинен өкүлдөр келип, борбордун ачылыш аземине катышып, алдыдагы иш-аракеттер боюнча сүйлөшүүлөр болот.
Экинчи күнү өткөн Евразиялык тармактык университеттердин курамына Кыргызстандан 4 университет кирген. Алардын бири ОшМУ. Бул жыйында тармактык университеттердин жобосу, нормативдик документтери кабыл алынды. Андан сырткары жыйындын катышуучулары магистрдик программа боюнча бир адистиктин окуу программасын талкууладык. Келечекте бул Евразиялык тармактык университеттер бир университет катары жасай турган иштер боюнча пикир алышуулар болду.
- Европага болгон иш сапарыңыздын алкагында ОшМУда жасалып жаткан иштерге сырттан карап, кандай баа бере алдыңыз?
- Венгрияга, Францияга барганда биз Европадагы, Орто Азиядагы, Кыргызстандагы университеттердин жетекчилери менен бирге болгонго мүмкүнчүлүк болду. Биздин мамлекеттин университеттерге койгон талаптарынын бири дүйнөлүк рейтингге кирүү болгондуктан ушул багытта пикир алышууга чоң өбөлгө түзүлдү. Анткени пикир алышуулардан учурдагы Ош мамлекеттик университетиндеги жасалып жаткан иштер туура багытта экендигин түшүндүм. Май айында биз дүйнөлүк рейтингге кирген Казакстандагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине тажрыйба алмашуу багытында иш сапарда болуп келебиз. Сүйлөшүүлөргө ылайык, алар келип, бизде мастер-класстарды, конференциларды өткөргөнгө да макулдугун беришти. Демек, биздин жасаган иштерибиз туура багытта бара жатат. Бирок ошол эле учурда дагы да чымырканып иштешибиз керек. Алдыда бийик максаттарыбыз турат.
- Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз. Ийгилик коштосун.