Turmush — 6-апрелде Токмок шаарындагы Манап бийдин эстелигинин аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында калифорниялык карагайдын 5 миң түп көчөтү отургузулду.
Буга чейин аталган парктын ичинде кызыл карагайдын 600 түп көчөтү отургузулуп, тегереги курчалган. Учурда бул жерде терек көчөттөрүн отургузуу, парк ичин жарыктандыруу жана отургучтарды орнотуу иш-чаралары жүрүп жатат.
Аталган иштер «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында шаар мэри Урматбек Самаевдин аракети менен өтүп жатат.
Токмок шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар улантылууда.
- Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган. Мындан улам өлкөнүн бардык аймактарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.