Turmush — Сарымсаков Руслан Догдурбаевич Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 6-апрелде акимдин жаңы орун басарын жамаатка президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев тааныштырды.
Ушул күндөрү Түп районунун маданият үйүндө административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоорлорун ишке ашыруунун алкагындагы иштердин аткарылышын камсыздоо маселеси талкууланууда.
Р.Сарымсаков район акиминин биринчи орун басары болуп Сатаров Данияр Сатаровичдин ордуна келди. Кененирээк бул жерден окуңуз.
Руслан Сарымсаков 1984-жылы 15-ноябрда Түп районунун Ой-Тал айылында туулган. Үй-бүлөлүү.
2002-2007-жылдары Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалынан финансы жана кредит адистиги боюнча билим алган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Телеграм-канале подпишись!