Turmush — Кечээ, 5-апрелде Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин чоң жыйындар залында «КӨЭАУ периси-2023» сулуулар сынагы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш чара КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору Сыргак Сарыков менен студенттик жаштар комитетинин төрагасы тарабынан уюштурулуп, ага катышуучулардын ата-энелери, түзүм жетекчилери, окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту.
Сынак 4 этаптан туруп, окуу жайдын факультет, колледждеринен 7 катышуучу калыстар тобунун сынынан өтүштү.
Жыйынтыгында баш байгени медициналык колледждин 1-курсунун студенти Кубатова Дарыгул Шермаматовна багындырды. Ал эми 1-орунду инженердик-технологиялык факультетинин 2-курсунун студенти Малашова Зульфия, 2-орунду кесиптик колледждин 3-курсунун студенти Каныбек кызы Айгерим, 3-орунду гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти Шүкүрали кызы Наргиза камсыздады.
Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга окуу жайдын, профсоюз уюмунун, Ош шаардык жаштар комитетинин, Ош шаардык маданият башкармалыгынын жана демөөрчүлөрдүн сыйлыктары, эс алып келүү үчүн жолдомолор, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.