Turmush — Ош технологиялык университети аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
2023-жылдын 28-февралынан 1-мартына чейин Ош технологиялык университетине магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 24 адистиги боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан көз карандысыз аккредитациядан өтүү үчүн комиссия келди. Эки күндүн ичинде эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшүп, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышкан.
ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаевдин жетекчилиги жана окуу иштери боюнча проректор У. Ж.Мамытовдун көзөмөлү астында университтетин 24 багыты 2023-жылдын 3-апрелиндеги №3/23/04 буйругу менен беш жылдык мөөнөткө аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
Алар:
1. 610300 Агроинженерия (бакалавр)
2. 690300 Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы
(бакалавр)
3. 710100 Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр)
4. 750100 Архитектура (бакалавр)
5. 750200 Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (бакалавр)
6. 670200 Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди
эксплуатациялоо (бакалавр)
7. 531100 Лингвистика (бакалавр)
8. 650300 Машина куруу (бакалавр)
9. 640200 Электроэнергетика жана электротехника (магистр)
10. 580100 Экономика (магистр)
Гуманитардык-технологиялык технологиялык колледж:
1. 050720 Котормо иши
2. 230111 Компьютердик системаларда программалоо
3. 260909 Тигүү буюмдарын конструкциялоо жана моделдештирүү
4. 230701 Колдонмо информатика (тармактар боюнча)
5. 230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын
программалык камсыздоо
6. 210406 Байланыш тарамдары жана коммутация системалары
7. 190701 Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу (аба транспорту эске
албаганда, транспорттун түрлөрү боюнча)
8. 190604 Автоунаа транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо
9. 190503 Транспорттук электр жабдууларын пайдалануу жана автоматика
(транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан тышкары)
10. 140212 Электр менен камсыздоо
11. 130403 Ачык тоо-кен иштери
12. 110302 Айыл-чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу
13. 080601 Статистика
14. 040101 Социалдык иш
Даярдап жаткан багыттарга, бакалавр, магистр жана орто билимдүү адистиктерге аккредитация программасы боюнча диплом ыйгаруу укугу менен ОшТУга аккредитациядан өткөндүгү жөнүндө сертификат тапшырылды.