Turmush — Ош технологиялык университетине Россиянын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинин расмий өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев Урал мамлекеттик экономикалык университетинин делегациясын, УрМЭУнун бирдиктүү жана кошумча билим берүү институтунун директору Шарова Екатерина Николаевна, юридика илимдеринин кандидаты, доцент, коомдук укук кафедрасынын башчысы Бахтеев Елена Ивановна, юридика илимдеринин доктору, профессор Рудич Валерий Владимировичти кабыл алды.
Жолугушууда ОшТУ жана УрМЭУ ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жалпы маселелери, УрМЭУ ректорунун иш сапары, студенттер менен магистранттардын академиялык мобилдүүлүгү, биргеликте билим берүү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, илимий кызматташтык жана башка көптөгөн маселелер талкууланды. Ошондой эле экономика жана башкаруу факультети менен жолугушуулар уюштурулду.