Turmush — Ош шаарында балдар дарыгери болуп иштеген Гүлнур Шаршеналиева 72 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал кечээ, 4-апрелде акыркы сапарга узатылды.
- Шаршеналиева Гүлнур Осмоновна 1951-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында төрөлгөн.
Ош шаардык мэрисянын маалыматы боюнча, Гүлнур Шаршеналиева мэриянын социалдык жана маданий өнүгүү бөлүмүнүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
Ошондой эле ал Ош облустук балдар ооруканасында педиатр, тез жардам станциясында дарыгер-педиатр, облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгында башкы адис, Ош шаардык ооруканасынын башкы педиатры, Ош облустук СПИД менен күрөшүү борборунун жетекчиси жана башка кызматтарда эмгектенген.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Новости на кыргызском языке в сети Х — подпишись!