Turmush — Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси кызматына Данияр Арпачиев дайындалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.
Бүгүн, 5-апрель күнү жаңы дайындалган аппарат жетекчисин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жамаатка тааныштырды.
Арпачиев Данияр Карагулович 1974-жылы Ак-Суу районунун Каракол айылында туулган.
Буга чейин ал Ак-Суу районунун акиминин орун басары, Каракол шаарынын мэри, Тоң районунун жана Октябрь районунун акими кызматын аркалаган.
Билими:
- 1996-жылы Кыргыз айыл чарба академиясын аяктаган.
- 1996-1998-жылдары Кыргыз агрардык академиясынын аспиранты болгон.
Эмгек жолу:
- 1998-2002-жылдары — Ысык-Көл облустук каржы башкармалыгынын башкы адиси;
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в YouTube — подпишись!