Turmush — Ош технологиялык университетинде бухгалтер жана аудиторлор күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара ОшМУнун финансы жана юридикалык колледжи, Ж.Баласагын атындагы колледж, Ош соода-экономикалык колледжи, КӨУнун колледжи жана гуманитардык-технологиялык колледжи, ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө сынак өтүп, катышуучулар видео ролик жасашты.
Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы жыл сайын өздөрүнүн кесиптик майрамына карата ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Буга чейин ОшТУну бүтүрүп, кесиби менен эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрдү, иш берүүчүлөрдү, ата- энелерди чакырып, ар кандай семинар-тренингдерди, жолугушууларды өткөрүп келишкен.
Бул жылы башкача форматта өтүп, сынак уюштурулду. Сынакка ар бир команда мыкты даярдык менен келип, командалардын иш-аракетин баалоо үчүн сырттан конокторду — банк кызматкерлери чакырылды. Жыйынтыгында жеңүүчү командалар факультеттин деканаты тарабынан дипломдорго жана баалуу белектерге ээ болушту.