Turmush — Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында «Аккула жылкы-кой» чарбасында 100дөн ашык кой бар. Аймактык кабарчы аталган фермадан кабар алды.
Фермер Абибулла Чолпонкул уулу чарба кызматкери катары кой чарбага жооптуу. Ал койлор төлдөгөн убакта өзүнчө каралып, козулары жетилгенге чейин өзүнчө жайытта кайтарыларын айтты.
«Бул арашан тукумундагы койлор. Кой чарбада эгиз туугандарын өзүнчө карайбыз. Анткени энелери козуларына жакшы көңүл бөлбөй койгон учурлар болбошу керек. Убагында жем жана чөптү берип, төлдөгөн учурда жакшылап караш керек. Төлдөгөн кезде кээде таң атканга чейин эгиз тууган койлор менен алпурушуп чыгабыз», - деди ал.
Козуларды жакшы тойгозбосо, төл алуудан пайда жок.
«Айрым койлор эгиз козу туугандан кыйналып калат дагы козуларды карабай коюшу мүмкүн. Ошондуктан койлор төлдөгөн убакта дыккаттык менен карап, козусун убагында эмизип турабыз. Жакшы тойгозбосо төл алуудан пайда жок. Кой чарбанын ушундай кыйын жактары бар. Эми ар бир иштин эле жеңили жок да», - деди ал.
Фермердин мал багуудагы тажрыйбасы жана телефон номерин биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.