Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүнө 10 чакты техника алынып, салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, алынган техникалар Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн келишимдин негизинде 75 млн сомго алынган. Бул сумманын 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен берилген. Калган сумма 5 жыл ичинде төлөнүп берилет.
Иш-чарага Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Илияз Ташкулов, Новопавловка айыл өкмөт башчысы Нурболот Мурзакматов, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун жетекчилиги, өкүлдөрү, айылдык кеӊештин депутаттары, айыл тургундары катышты.
Техникалар айыл өкмөттүн таза суу, жол, талаа иштерине пайдаланып, айыл элине кызмат кылат.
Алынган техникалар:
«КамАЗ» (43253-1010-15)
- КДМ «КАмАЗ» (6520-23016-63)
- «КамАЗ» (6520-26013-63)
- таштанды жүктөөчү техника — «КАмАЗ» (65115)
- экскаватор-жүктөгүч — «HYUNDAI» (H940S)
- дөңгөлөктүү экскаватор — «XE150W»