Turmush — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты — Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Алишер Козуев ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, пикир алышты.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, жолугушуудан соң депутат эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу жана лингвистика адистиктеринин студенттерине, магистранттарына жана чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамына конок лекция окуду. Анда өзүнүн балалык чагы, ишмердүүлүгү, учурдагы мыйзам долбоорлор, чек ара маселелери боюнча айтып, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Конок лекция эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасы тарабынан уюштурулулду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.